• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

17 Аяк оона 202520:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет.

Андыктан Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары деп кайра атоо каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 222