Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорт куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын президент Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
«Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун эсебинен Каракол, Казарман, Кербен, Талас жана Нарын аймактык аэропорттору реконструкцияланды. Жакынкы аралыкта бул аэропортторго каттамдарды жандандыруу пландалууда. Авиапарк дагы жаңы учактар менен толукталып, жаңыланууда», — деди мамлекет башчы.