• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 3-апрелде аяктайт

9 Жалган куран 2020 14:37 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди.

Батракееванын айтымында, аталган борбор тестирлөөнү 2002-жылдан бери өткөрүп келет. Быйыл Билим берүү министрлиги ЖРТны үч жылга өткөрүүгө тендер жарыялап, анын жыйынтыгы менен 2020-2022-жылдарга тестирлөөнү Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрмөй болгон.

«Катталуу үчүн кандай документтер керек? Эгер абитуриент 16 жашка чыккан болсо сөзсүз түрдө паспорту болушу керек. 16 жашка толо электер үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана окуган жеринен бүтүрүүчү класстын окуучусу экенин ырастаган окуучунун сүрөтү чапталган, мөөр басылган маалымкат зарыл. Андан тышкары абитуриент быйыл тартылган 3х4 өлчөмүндөгү эки окшош сүрөт, ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция алып келиши керек», — деди ал.

Мындан сырткары, ал быйыл каттоо төлөмүнүн акысы кымбаттап, 370 сомду түзгөнүн жана келерки үч жылга бул баа өзгөрүлбөй турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайына тапшыра турган абитуриенттер тапшырат. Бул жылы тестирлөө 15-20-май аралыгында өткөрүлөт. Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, алар өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди – химия, биология, математика, физика, тарых жана англис тили, кыргыз тили жана адабият менен орус тили жана адабият боюнча тест тапшырышат. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы киргизилген.

Булак: «Кабар«

Количество просмотров: 54