• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү айтылды

1 Жалган куран 2024 11:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Маалымдагандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.

«Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт», — деди ал.

Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:

— паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);

— орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);

— ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;

— талапка туура келген электрондук сүрөт.

Количество просмотров: 416