Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилик кызматына талапкерлер арасында тестирлөө өтөт.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо 29-30-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.
Азыркы учурда республика боюнча 747 бош орун бар. Бишкекте Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 6-корпусунда, Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин Индустриялык-педагогикалык колледжинин имаратында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери каттоого алынган. Каттоо 2024-жылдын 4-ноябрдан 18-ноябрга чейин жүргүзүлгөн. Биринчи этаптан өткөн талапкерлер тестке чакырылган.