• Дүйшөмбү 29 Бугу 2023
  • Понедельник 29 Май 2023

Жалпы республикалык тестирлөөнүн качан өтөөрү белгилүү болду

2 мая 2023 в 11:52 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда баштала тургандыгын маалымдайт.

Тагыраагы, төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:
I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда — Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 293