Азамат Жаманкулов 1987-жылы туулган. Эки жогорку билими бар. 2008-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетин «иш-канадагы менеджмент», 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин «финансы» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолу:
2011 — «Риэлт Партнер» ЖЧКсын негиздеп, эмгек жолун анын аткаруучу директорлугунан баштаган;
2013-2014 — «Кристалл» ААКсында инвестиция тартуу боюнча адис;
2014 — Көчмөндөрдүн дүйнөлүк биринчи оюндарын уюштуруу катчылыгында эмгектенген. Ошол эле жылы «Дүйнөлүк этно оюндар» коомдук фондусунун вице-президенти болгон;
2015-2018 — КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаментинин жетекчиси;
2018-2020— КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри. Жаманкулов Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын уюштуруу катчылыгын дагы жетектеген.