• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖАМК абактагы Аскат Жетигендин айткандары боюнча жооп берди

4 Жалган куран 202611:24 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы акын Аскат Жетиген уулу кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Мекеменин басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, Жетиген уулу мекеменин кызматкерлери менен чыр-чатак чыгарып, башка соттолгондорду абактын жетекчилигинин талаптарына баш ийбөөгө чакырганы жана ички тартип эрежелерин бузганы үчүн аны 15 суткага айып изоляторуна которушкан.

“Соттолгондор мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбесе, мекеменин ички тартибинин эрежелерин бузса, ошондой эле мекеменин ички тартибинин эрежелерин сактабаса мыйзамдын негизинде чара көрүлөт. Мыйзам алдында бардыгы тең жана бардыгына бирдей чара көрүлөт”, — деп жазылган маалыматта.

Мекеме Жетиген уулунун мекеме көмүрдү ысырапкорчулук менен пайдаланып жатканы тууралуу айыптоосун да четке кагып, 2025-2026-күз-кыш мезгилине 557 тоннага жакын көмүр бөлүнгөнүн, ал соттолгондор кармалган жана административдик имараттарды жылытууга кеткенин билдирди.

Жабык жайдагы спорт залына кирип машыгууда эч кандай чектөө жоктугу, ал жер тар болгону үчүн соттолгондор алдын ала коюлган кезек менен кирери да жазылган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишмердиги прокуратуранын көзөмөлүндө экенин белгилеген мекеме кайсы бир кызмат адамдарына нааразылык болсо көзөмөл органына же сотко кайрылууга чакырды.

№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирген.

Количество просмотров: 155