• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жанар Акаев, депутат: “5-каналга экинчи өмүр беришибиз керек!”

23 Бугу 2018 13:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV

“5-каналды сатууга каршымын, бул каналга биз экинчи өмүр беришибиз керек”. Бул сөздү ЖКдагы жыйында депутат Жанар Акаев айтты.  Анын айтымында, 5-каналды мамлекеттик канал, элеттин жашоосун кеңири жайылткан, мамлекеттин саясатын ишке ашырган канал кылууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

“мына, азыр бул жерге профессионал жетекчи Эрнис Кыязов келди. Менимче, ал каналды көтөрүп,  карыздарынан бошотуп, көрүмдүү канал кыла алат. Ансыз деле каналда анча-мынча техника жана имараты бар экен. жеке менчик каналдар ансыз да көбөйүп кетти. Бирок, иш билги менеджер келсе жарнаамадан жана башка жактардан киреше таап, оңдоп кетет”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, депутат Дастан Бекешев 100 пайыз улутташтырылган 5-каналды сатууга укук берген мыйзам долбоорун алып чыккан.

Количество просмотров: 16