• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жанар Акаев ишкерлерди коргой албаганы үчүн өкмөттү айыптады

23 Тогуздун айы 2019 11:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады. Ал ишкерлерди коргой албаганы үчүн өкмөттү айыптады.

Өткөн жумада «​Мадина» кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул бүтүндөй бизнеске, ишкерлерге чоң сокку болду. Мамлекет, өкмөт ушундай маселеде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Криминал азыр Кыргызстанда кадимкидей баш көтөрдү. Мына, Кыргызстандан чыгып кеткен акчанын суммасын карагыла, жарым жылда 247 миллион сом акча чыгарылып кетти. Жалаң эле чоң компаниялар эмес, азыр орто бизнестин өкүлдөрү да акчасын өлкөдө чыгарып кетип жатат. ИИМ болсо криминал менен күрөшпөй олтурат. Макул, чоң реформаларга акча керек, бюджетте акча жок дейли, бирок ушул криминал менен күрөшкөнгө, кылмыш дүйнөсүнүн «авторитеттерин» четинен түрмөгө тыкканга да акча керекпи? Буга саясий эрк гана керек, — деди Акаев.

Количество просмотров: 89