• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров 21 өлкөнүн элчисинен ишеним грамоталарын кабыл алды (сүрөт)

15 Жалган куран 2022 16:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, өлкөдө акредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, ишеним грамоталарын Германия Федеративдүү Республикасынын элчиси Габриэла Геллил, Албания Республикасынын элчиси Кастриот Робо, Мексика Кошмо Штаттарынын элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорике, Мавритания Ислам Республикасынын элчиси Сид Ахмед Эль Бекайе Хамади, Норвегия Королдугунун элчиси Джон Микал Квистад, Таиланд Королдугунун элчиси Чатчаван Сакорнсин, Латвия Республикасынын элчиси Ирина Мангуле, Эфиопия Федеративдүү Демократиялык Республикасынын элчиси Адем Мохамед Махмуд, Йемен Республикасынын элчиси Мухаммед Мотахар Алашаби, Италья Республикасынын элчиси Марко Альберти, Бельгия Королдугунун элчиси Анри Вантигем, Босния Республикасы жана Герцеговина элчиси Желько Самарджия, Гана Республикасынын элчиси Эрик Овусу-Боатенг, Румыниянын элчиси Мадалина Лупу, Эстон Республикасынын элчиси Тоомас Тирс, Доминикан Республикасынын элчиси Франк Ханс Данненберг Кастельянос, Канаданын элчиси Алан Хэмсон, Түндүк Македония Республикасынынын элчиси Сали Лимани, Испания Королдугунун элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегро, Грек Республикасынын элчиси Эфталия Какиопулу жана Бириккен Араб Эмиратынын элчиси Мухаммед Саид Мухаммед Аль-Арики тапшырды.

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана Ардак кароолдун учурашуусу менен башталды.

Андан соң элчилер Президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.
Мамлекет башчысы элчилерди Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчысы алардын ишмердүүлүгү мамлекеттер аралык мамилелер менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүдө оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.
Президент дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин мамлекеттик органдар менен кыргыз элинин колдоосуна, жакшы мамилесине ишеним артса болорун билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатиянын алкагында биздин тышкы саясий багытыбыз ырааттуу, алдын ала айтууга боло турган, прагматикалуу жана эл аралык кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталган бойдон кала берерин белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген мамлекеттер аралык мамилелердин жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда болгон өз ара милдеттенмелерди толук эске алуу менен ишке ашырыла берет.

«Биз бардык өлкөлөр менен саясий-дипломатиялык байланыштарды, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирип, өнүктүрүүнүн жалпы багытын улантууга чечкиндүүбүз», — деди Президент.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров элчилердин жигердүү катышуусу менен мамлекеттер аралык мамилелер жаңы мазмунга, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорго жана демилгелерге толуп, жалпысынан элдердин жыргалчылыгы үчүн, эл аралык коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн таламдарында динамикалуу өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 678