• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Афганистандагы мекендештерди өлкөгө эвакуациялоону тапшырды

16 Баш оона 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Афганистан Ислам Республикасында түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда. Президент Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.

Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 96