Акылбек Жапаров 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Билими жогору. 1986-жылы Фрунзенин политехникалык институтун «инженер-куруучу» адистиги боюнча, 2002-жылы Бишкектин каржы-экономикалык академиясы «каржы жана салык системалары» адистиги боюнча бүтүргөн. Экономика илимдеринин доктору.
Эмгек жолу:
1986-1987 — Фрунзе политехникалык институтунунун кичүү илимий кызматкер, окутуучусу
1987-1991— ФПИнин комсомол комитетинин катчысы. ВЛКСМ БКнын мүчөсү
1991-1992 — «Толкун» ЖЧК чарбалык ишканасынын башкы директорунун орун басары
1992-1993 — КР президенттик аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы, КР өкмөттүк аппаратынын жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчысы
1993-1995 — КСДПнын жооптуу катчысы – аппарат жетекчиси
1995-1996 — КРдин биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы
1996-1997 — КР президентинин алдындагы Баалуу кагаздар боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, комиссиянын катчысы
1997-2000 — КР Каржы министрлигинин башкы инспектору, Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы төлөмдөрдү алуу башкармалыгынын жетекчиси
2000-2005 — Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынынын депутаты, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы. «Кыргызстандын аймактары» депутаттык тобунунун мүчөсү
2006 — каржы министринин милдетин аткаруучу
2006-2007 — экономика жана каржы минстри
2007 — каржы министри
27-декабрь, 2007 — КРдн экономикалык өнүктүрүү жана соода министри
2009-2010 — КРдин биринчи вице-премьер-министри
2009 — КРдин ЕврАзЭШтеги атайын өкүлү, КМШ маселелери боюнча КРдин улуттук координатору, КМШнын Экономикалык кеңешинде республиканын өкүлү жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин мүчөсү ноябрь, 2010 — «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
2011- 2012 — КРдин каржы министри октябрь, 2015 — «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2021-жыл, июнь — экономика жана финансы министри;
Учурда Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын жетекчиси. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.