• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров ар бир өлкөгө бирден облусту бөлүп берүүнү сунуштады

1 Жалган куран 2019 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

ЖК депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстандын облустарын өнүккөн өлкөлөрдүн ар бирине бирден бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

Анын айтымында, өлкөбүз башка чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын каржылык жардамын алып келет.

«Японияга бир эле мисалы Баткенди же Нарынды эле бербейлиби, ал ошол облустун болгон жагын карап Япониядай кылып өнүктүрүп койсун. Ушундай сыяктуу өнүккөн 6 өлкөгө Россияны баш кылып ар бирине бирден облусту бөлөлү. Ошол өлкөлөр бөлүнгөн облусунун жолун, саламаттык сактоосун, билим берүүсүн жана башка маселелерин колго алып өнүктүрсүн»,-деген эл өкүлү.

видео maralfm.kg/

Количество просмотров: 29