Президент Садыр Жапаров What’s App тиркеме аркылуу жалпы жетекчилерге электр энергияны үнөмдөө багыты боюнча тапшырмаларды берип жаткан тексттин Дайырбек Орунбеков өз баракчасына жайгаштырды.
Анда президент министирлер кабинети жана башка жергиликтүү жетекчилерден жарыкты үнөмдөө боюнча тапшырманы туура эмес түшүнүп жатасыңарбы деп сурады.
“Айтор жеке жактардын, майда-чүйдө бизнестердин светтерине асылып баштабагыла. Элди дүрбөтүп аябай эле ажиотаж кылып жибердиңер. Шайлоодо бир нерсе кылалы деген саботаж күчтөр барбы араңарда билбейм.
Андай күчтөр көчөдө толтура. Ошолордун чырагына май тамызып жатасыңар”, — дейт Жапаров.
Жапаровдун айтымында, тапшырманын эң негизги максаты биринчи кезекте өкмөттүк мекемелердин, айыл өкмөттөрдөн баштап Ынтымак-Ордого чейин светтерин кечки саат 18:00дөн кийин өчүрүп кетүү болчу.
“Иштеп бүткөндөн кийин приборлорду, жарыкты өчүрүп коюшка көп деле күч кетпейт. Мындан тышкары муктаждык жок учурда деле коридорлордун жарыгы күйүп турат экен, күндүзү дагы кабинеттердин светин жагып алып иштеп жаткандар бар! Мына ошолорду көзөмөл кылып карагыла деп жатам. Жарыкты үнөмдөөнү биринчи өзүбүздөн баштайлы да! Ар бир жетекчи өзүнүн карамагындагы мекеме-ишканаларды карап, көзөмөл кылыңыздар. Айрыкча мектептер, окуу жайлар үнөмдөбөй жатышат. Облустагы өкүлдөр акимдерди, акимдер айыл өкмөттөрдү, айыл өкмөттөр територияңардагы мектеп, бала-бакчаларды текшерип, күндө карап контроль кылып туруңуздар! Кимдин аймагында өкмөттүк имараттардын свети күйүп турса, аны иштебей жатат деп билебиз. Иштебеген жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Мамлекеттик мекеме ишканаларынын имараттарында, Ынтымак-Ордонун өзүндө дагы үнөмдөйлү! Жеке жактарга тийбегиле. Коркпогула энергия жетет. НЭСК министрлик менен кеңешпей туруп ызы-чуу кылып жиберди да”, — деди президент.