• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров бир катар акимдерди алмаштырды

6 Жалган куран 202619:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Сузак, Алай, Тогуз-Торо, Кара-Суу, Бакай-Ата жана Нарын райондоруна жаңы акимдерди дайындады.

Бүгүн, 6-мартта жарыяланган жарлыкка ылайык, Баратбек Сыдыкназаров Сузак районунун акими кызматынан бошотулуп, ордуна Дамир Кулубаев дайындалды.

Кара-Суу райондук администрациясын Чыңгыз Бапаев жетектей турган болду.

Бапаев буга чейин Алай районунун акими болуп иштеген. Президент бул районго жетекчи кылып Адыл Сапаровду дайындады.

Тогуз-Торо районуна аким болуп Нурлан Эшмукамбет уулу барды. 28-февралда буз кызматтан Манас Мураталиев өз арызы менен кеткен.

Президенттин ушул эле күнү чыгарган жарлыгына ылайык, Зарылбек Тыныбек уулу Бакай-Ата районуна, Залкарбек Каримов Нарын районуна аким болду.

Количество просмотров: 1155