• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: Эл бир мандаттуу шайлоону талап кылып жатат

10 Тогуздун айы 2020 19:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрлик кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралып жатат. Анда депутат Алтынбек Сулайманов «6-ноябрга чейин Боршайком милдеттүү шайлоону жарыялашы керек. Шайлоону жарыялаганга, шайлоону өткөргөнгө сиздин позицияңыз кандай?» суроо узатты.

Жапаров: — Бүгүнкү кырдаал партиялык система менен болгон шайлоонун негизинде келип чыгып жатпайбы. Бул маселени мен азырынча ойлоно элекмин. Сүйлөшүп чечиш керек да, карап көрүш керек. Эл негизи каршы болуп жатат. Силер депутаттар, Боршайком менен кеңешип чечели. 6-ноябрдан кечиксек дагы чечели.

Сулайманов: — Мыйзамда 6-ноябрдан ары созо албайсыз. Боршайком иштеп жатат.

Жапаров: — Албетте, мыйзамды бузбашыбыз керек. Мыйзамды аткарышыбыз керек. Бирок кырдаал мындай болуп калды да, муну да туура түшүнүш керек.

А.Сулайманов: — Шайлоону узарталы деген оюңуз барбы?

Жапаров:— Эми бир аз узарышы мүмкүн. Силер — парламент, Боршайком менен кеңешип туруп чечели деп жатам.

Сулайманов:— Андай кылганга укугубуз жок. Жогорку Кеңештин дагы, президенттин дагы …

Жапаров: — Эл бир мандаттуу болсун деп талап кылып жатат. Саясий күчтөр парламентти кайра эле партиялык система менен өткөрө коелу деп жатат.

А.Сулайманов:— Маселе башкада болуп жатпайбы: шайлоодо эркин атаандашуу берилбегени үчүн. Эркин атаандашуу берилсе, админресурс, «подкуп», форма 2 — ушуга окшогондор болбой, адилеттүү болсо, мындай маселе жаралмак эмес. Маселе партиялык системада эмес, маселе ушунда болуп жатпайбы. Шайлоону адилеттүү өткөрүп бергенге позицияңыз кандай деген суроо болуп жатат.

Жапаров:— Сиздин позицияңыз ушул эле система менен өткөрөлү деп жатасыз да?

Сулайманов:— Ооба, мыйзам ушундай. Конституция бүгүн иштеп жатат. Менин позициям эмес, бүгүнкү иштеп жаткан мыйзам ушундай.

Жапаров: — Муну сиздер менен кеңешип чечебиз.

Эске салсак, Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия ат салышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өткөн. Калган партиялар шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын таанышкан эмес.

Бул себептен партия лидерлери, тарапташтары 5-октябрда нааразылык акциясына чыгышкан. Шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон эл да митингчилерге кошулуп, массалык түрдө нааразылыктар уланып жатат.

Количество просмотров: 364