• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Жээнбеков кызматтан кете турганын айтты

10 Тогуздун айы 2020 18:53 Бишкек Govori.TV

Парламент жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатат. Анда депутат Тазабек Икрамов «Сооронбай Шарипович менен иштешүүгө даярсызбы?» деген суроо узатты.

Ал эми Жапаров Жээнбеков арыз жазып кызматтан кете турганын билдирди.

«Бүгүн Сооронбай Шарипович Жээнбеков менен сүйлөштүм. Сиздер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитип бергенден кийин арызын жазып кете турганын айтты»,-деди Жапаров.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин кароодо. 

Количество просмотров: 478