• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров генерал-полковник, генерал-лейтенант, генерал-майор наамдарын кимдерге ыйгарды?

23 Бирдин айы 202614:53 Бишкек Govori.TV

Бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдар ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омокановичке «милициянын генерал-полковниги» жогорку атайын наамы, УКМК төрагасы Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичке «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы берилди.

Ошондой эле генерал-майор наамы: 

  • УКМКнын төрагасынын орун басары Намазов Акылбек Закировичке;
  • УКМКнын төрагасынын орун басары Шадыбеков Уранбек Амановичке;
  • Коргоо министринин биринчи орун басары Отонбаев Тариэль Зарылбековичке;
  • Коргоо министринин биринчи орун басары Шаршеев Талайбек Имашовичке;
  • Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талипов
  • Талантбек Медербековичке;
  • УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Эрбаев Алишер Ташбаевичке ыйгарылды.

Ал эми Башкы прокурордун биринчи орун басары Бектурганов Малик Маамыталиевичке «юстициянын генерал-майору» атайын наамы ыйгарылды.

Количество просмотров: 283