• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Жапаров ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыялады

19 Кулжа 2024 17:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыялады.

Ал паспорт, ID карт жана башка документтердин баары Кыргызстандын өзүнөн чыгарыла баштаганын эске салды.

«Буга чейин “чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен” деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат.

Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп», — деп жазды өлкө башчы.

Андан сырткары, ал мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбай турганын белгиледи. «Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзөбүз. Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт. «Учкун» мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июльга даяр болгула. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат», — деген ал жарандарды ID карталарын бекер алмаштырып алууга чакырды.

Ошондой эле Садыр Жапаров ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржы жетишпей турганын айтып, каржы жетиштүү болгон учурда жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрүлө турганын кошумчалады.

«Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек», — деп жыйынтыктады ал.

Количество просмотров: 82