• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаров иш сапары менен Минск шаарына келди

23 Жетинин айы 20238:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-ноябрда, иш сапары менен Минск (Беларусь Республикасы) шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Минск Улуттук аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна ЖККУга кирген мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Беларустун Премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Количество просмотров: 63