• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешине катышуу үчүн Кремлге келди 

8 Тогуздун айы 202418:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кремлге келди.

Жыйындын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров күн мурун иш сапары менен Россиянын Москва шаарына келген.

Мамлекет башчынын борту «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конуп, президентти Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алган.

Количество просмотров: 80