Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:
1. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;
2. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;
3. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетилген почтаны илгерилетүүнү активдештирүү жөнүндөгү макулдашуу;
4. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндөгү макулдашуу;
5. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын курууда кызматташуу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;
6. КР Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун долбоору.