Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы 2026-жыл менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосунун тексти:
“Ардактуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Мына, дагы бир жылды артка таштап, дагы бир чейрек кылымдын эшигин жаап, жаңы 2026-жылдын босогосун аттаганы турабыз.
Узап бараткан 2025-жыл, эң оболу, эгемен Кыргызстандын бүтүндүгүн шарттаган чек араларыбыздын биротоло такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калды.
Чек аранын толугу менен чечилиши — мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгынын бекем кепилдиги жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнүн эң башкы фактору!
Кеменгер элибиздин “Жакшылыктар жанашып, ооматтар оошуп келет” деген сөзүндө калет жок.
Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин тандаган деңгээлге жеттик.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи, “Ала-Тоо резорт” туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго дүйнөлүк ири инвесторлордун кызыгуусу – мунун айкын далили.
Өтүп бараткан жылда Кыргызстандын эл аралык аброю андан ары жогорулады.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны сыяктуу маанилүү эл аралык иш-чараларды бийик деңгээлде өткөрүп, мурда дипломатиялык алака-катышыбыз жок бир катар мамлекеттер менен кызматташтыкты жолго койдук.
Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тынч, ачык жана адилет өтүшү — өлкөдө туруктуулук толук орногонун көрсөткөн олуттуу саясий жетишкендик болду.