• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жапаров менен Бейшеналиев балдар ооруканасына барышты

8 Бирдин айы 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көп тармактуу балдар ооруканасына барышты. Бул тууралуу активист Умай Арыкова өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.

Ал эми мамлекет башчынын басма сөз кызматы жолугушуу болгонун тастыктап, бул тууралуу кийинчерээк маалымат кийинчерек берилерин маалымдашты.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат каражаттарынын бирине өлкө башчысы менен жолугуп, Тез жардам клиникалык ооруканасына башкы дарыгер кылып Замир Дүйшөновду дайындаганын жана ага тапшырмалар берилгенин айткан.

Эске салсак, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун трансформациялоо жана директор Сабырбек Жумабековду кызматтан алуу боюнча нааразычылыктар чыккан. Министр менен Жумабеков бири-биринин айткандарын жалган деп баалап келишет.

Количество просмотров: 2523