• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү башталды

22 Кулжа 202311:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү башталды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

«Германия өзүнүн саясий аброю жана экономикалык потенциалы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан үчүн үлгү болуп саналат. Бүгүнкү визит кызматташтыктын жаңы барактарын ачат деп ишенем», — деди ал.

Өз кезегинде Штайнмайер Кыргызстанда биринчи жолу эместигин, бирок ар дайым өлкөнүн кереметтүү жаратылышына суктанарын жашырган жок.

Өз ара саламдашуудан соң тараптардын жолугушуусу жабык эшик артында уланды.

Количество просмотров: 55