• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Путинге көңүл айтты

23 Жалган куран 2024 5:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «Крокус Сити холдогу» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм. Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 87