• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаров президенттик администрациянын имаратына ат коюуга элден жардам сурады

10 Тогуздун айы 202314:36 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жапаров элден имаратка ат коюуга жардам сурап, төмөндөгулөрдү белгилеген.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик Администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер»,-деди Жапаров.

Эске салсак, президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна 2022-жылдын апрель айында капсула салынган. Жаңы салынып жаткан имараттын аянты 21 миң чарчы метрди түзөт.

Количество просмотров: 1050