Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишиндеги кемчиликтерди учурунда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевге айтып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал 21-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты.
Ташиевге УКМКнын кадыр-баркын көтөрүүнү, мурдагы СССРдин КГБсындай болушу керектигин айтып келгенин белгиледи. Эл арасында атайын кызматтын кишилери күбөлүгүн “комокторго” чейин көрсөткөн учурлар бар экенин эсине салып, сын-пикирлерден арылууга чакырганын айтты:
“Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле. Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт”, — деди Жапаров.