• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Жапаров Улан-Батор шаарына келди (сүрөт)

9 Теке 202313:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик сапар менен Монголияга келди.

Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын «Чыңгызхан» эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында — Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

Количество просмотров: 151