• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Жапаров уран темасына байланыштуу кайрылуу жасады

23 Бугу 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров уран темасына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Өлкө башчысы чет элдик блогер-эксперт маалыматтык манипуляция жасап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып жаткандыгын билдирди.

«Өзүн Орто Азия боюнча эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу чет өлкөлүк жаран сыртта отуруп алып эле, «Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин үй-бүлөсү аралашууда, анын жыйынтыгында Ысык-Көлдү жок кылып алабыз» деген жалган маалыматты токуп чыгыптыр. Биздин Ысык-Көлүбүзгө күйүмүш болуп сүйлөгөнү менен, анын максаты — элибизди козутуу менен ортого бүлүк салуу экени көрүнүп турат».

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кенде урандын үлүшү 0,17%, анда негизги кен титано-магнетит экенин белгилеп, аны алып кетүү менен Кыргызстан урандан тазаланарын айтты. Кендин өзүндө да, өлкөнүн башка аймактарында да уранды байытуу болбосун кошумчалады.

Количество просмотров: 95