Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрт мүчөсүн дайындоого сунушталып жаткан талапкерлерди кароодон баш тартышты.
Жыйын учурунда айрым депутаттар сунушталып жаткан талапкерлерди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип тааныштыруу талабын айтышты.
«Министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары бар. Ошолор келип тааныштырыш керек болчу. Акылбек Үсөнбекович өзү келип тааныштырсын, министрлер үчүн өкмөт башчы жооп берет. Депутаттар талапкерлерге суроолорун берет, бүгүн өзү келеби вицелер келеби, келип талапкерлер менен чоогу жооп берсин», — деди депутат Акылбек Түмөнбаев.
Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутат Түмөнбаевдин сунушун добушка койду.
«Акылбек Түмөнбаевдин сунушун добушка коюп чечим кабыл алалы. Карабасак эмкиге жылдыралы, эмки отурумга келишсин, же Министрлер кабинетинин төрагасынын келишин күтүп туралы», — деди вице-спикер.
Ал арада сөз алган президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга кайрылып, тийиштүү буйрукка президент кол койгонун жана талапкерлерди тааныштыруу укугун ага кат менен ыйгарганын айтты.
Андан соң жыйында кайым айтыш чыгып, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президент менен өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов уруксатсыз сүйлөгөнүн сынга алды.
Натыйжада депутаттар талапкерлерди кароону добуш менен кийинкиге жылдырышты.
Жогорку Кеңеште Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максүтовдү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, ал эми Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына дайындоодо маселеси каралып жаткан.
Эске салсак, Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошотуп, ордуна милдетин аткаруучу дайындаган.