• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Өзбекстандын маданият министрине Кыргызстандын эл артисти наамын берди

5 Аяк оона 202416:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык маданият жана искусство чөйрөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наамын Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак наамын Юнус Раджаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун “Макомду салттуу аткаруу” кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага ыйгарылды.

Количество просмотров: 107