• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Жапаров Өзбекстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

30 Бештин айы 2021 16:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду кирип келе жаткан 2022-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми бир тууган өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Количество просмотров: 202