• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен жолугушту

14 Чын куран 2022 15:00 Бишкек Govori.TV

Министрлер кКабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы достукка, ынак коңшулукка, жалпы саналган тарых, маданият, салтыбызга, тилибизге жана рухий баалуулуктарыбызга негизделген кыргыз-өзбек мамилесин мындан ары өнүктүрүүгө жана ар тараптуу чыңдоого умтулат.

«Эки мамлекеттин башчылары тарабынан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган тапшырмасын аткаруу үчүн биргелешкен ишканаларды, мал чарба кластерлерин, логистикалык борборлорду, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чектеш аймакта эркин экономикалык аймакты (өнөр жай) түзүү аркылуу өз ара соода көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү сунуштайбыз», — деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында кыргыз тарап алгачкы этапта Кызыл-Кыя шаарында чектеш соода боюнча соода-логистикалык борборун куруу, аталган борборду «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» мультимодалдык транспорттук коридор менен бириктирүүчү «Эркештам-Дароот-Коргон-Үч-Коргон» унаа жолун куруу сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду сунуштоодо.

Өзбекстан премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков өз кезегинде өзбек тараптын эки өлкө ортосунда мурда жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар экендигин белгиледи. Ал Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши ийгиликтүү болооруна ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долборун ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Количество просмотров: 76