• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаров жапон парламентинин спикери менен жолугушту

17 Жетинин айы 202317:25 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Токио шаарына Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Фукусиро Нукага менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аларды мындан ары тереңдетүү боюнча пландар талкууланды. Жапаров Кыргызстан жана жеке өзү үчүн бул сапар тарыхый болуп саналарын белгиледи. Сапардын алкагындагы жолугушуулар япон тарап менен мындан ары кызматташуу келечегине чоң оптимизм берет.

Мамлекет башчысы парламенттер аралык байланыштар мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналаарын, аларды мындан ары өнүктүрүү зарыл экенине басым жасады.

Ал Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөндөн бери демократиялык өнүгүүгө умтулганын өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров демократияны жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөө үчүн япон тарапка Кыргызстанды узак мөөнөттөн бери колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери Фукусиро Нукага өткөн жылы тараптар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкенин билдирди. Ал баса белгилегендей, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык өтө жогорку жана ишенимдүү деңгээлде өнүгүүдө.

Фукусиро Нукага Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүн канааттануу менен белгилеп, салттуу өз ара түшүнүшүү духунда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Количество просмотров: 92