• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапарова Баткенде туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форумга катышты

28 Чын куран 2023 17:28 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарында туризмди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык форум өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова катышты.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, форумдун алкагында туристтик “ITBE” көргөзмөсү, “Айгүл-Тоо”, “Баткен күрүчү”, “Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдары, кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси өтүүдө.

Өлкөнүн бардык аймактарынан келген уз чеберлер, кол өнөрчүлөр, ишкерлер өз колдорунан жаралган эмгектерин, продукцияларын көргөзмөгө коюшту. Өзгөчө Баткен килеми менен Баткен өрүгүнөн жасалган продукциялар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал эми маданият өкүлдөрү улуттук ыр бийлер менен иш-чаранын көркүн ачты.

Иш-чара Фергана өрөөнүндөгү маданияттардын айкалышкан жайы болгон Баткен жергесин, туризмдин борборуна айлантуу, “Мадыген” геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу максатын көздөйт.

Жайкы туристтик мезгилдин башталышын утурлай уюштурулуп жаткан эл аралык иш-чара, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен КРнын Туризм департаменти биргеликте, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өткөрүүдө.

Количество просмотров: 98