Президент Садыр Жапаровдун басма сөзкатчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынган шылуундар пайда болуп жатканын айтты.
«Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып ар кыл мамлекеттик кызматка коебуз деп акча талап кылган учурлар катталып жатканы тууралуу маалыматтар болууда. Ушуга байланыштуу жарандарды мындай шылуундардын торуна түшүп калбагыла деп эскертебиз.
Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт.
Эгерде ушундай маанидеги убадалар менен кайрылышса анда бул шылуундар деп билиңиздер», — деп жазды ал.