Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анара Дубанбаева 3-майга чейин тергөө абагына камалды.
Ал “бийликти басып алууга аракеттенген” деген шек менен 2-марттагы митингден кийин кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Ага жана башка кармалгандарга Кылмыш кодексинин 39-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») негизинде доо коюлду.
Кылмышка шектүүлөрдүн адвокаты Шарабидин Токтосунов Осмоналиев менен Дубанбаева «негизсиз камалды» деп, Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди:
“Анара Дубанбаева болгону Караколдо штаб жетектеген экен. Эч кимди үгүттөгөн эмес. 200 кишини бул жакка жөнөткөн деген шылтоо болуп атат. Каныбек Осмоналиев экөөнүн тең аракеттеринде мыйзам бузуу жок”.