• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаровдун депутаттарга байланыштуу жарлыгы үнөмдөөбү же популизмби?

7 Бештин айы 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Депутаттардын канча айлык алаары, кандай унаа менен жүрөөрү, кандай үйдө жашаары дайыма коомчулуктун кызыгуусун арттырып келет. 2-декабрда президент Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгы 30 миң сом, орун басарларыныкы 27 миң сом, ал эми депутаттардыкы 25 миң сом деп белгиленди. Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу? Мындан ары канча айлык акы алышат? Кененирээк токтолобуз…

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын айлыгы тууралуу маалымат даярдалып жатканын айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова

«Депутаттардын айлыгы (оклад) ошол боюнча калат. Деген менен эл өкүлдөрүнө эмгек тажрыйбасы, чини үчүн мыйзамда кепилденген кошумча төлөмдөр төлөнөт. Кыскартуудан кийин канча айлык алышат? Буга байланыштуу адистер иштеп жатат. Ар бириники ар кандай чыгат. Толук маалымат 1-2 күндө даяр болот»,-деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова.

Ошондой эле жарлыктын негизинде кызматтык автоунааларды дагы алып салганы жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутаттардын айлыгы 500 сомго кыскарганын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгын кыскартса кыскартсын, маселе жок. Буга чейин эл өкүлдөрүнүн айлыгы 25500 сом (оклад) болчу. Азыр 500 сомго кыскартылды. Биз 2015-жылы эле кызматтык автоунаалардан баш тартканбыз»,-деди эл өкүлү Бекешев.

Ал эми саясат талдоочу Айданбек Акматов чыккан жарлыкта популизм көбүрөөк байкалып жатканын белгиледи.

Саясат таануучу Айданбек Акматов

«Бул жерде популизм көбүрөөк байкалып жатат. Себеби буга чейин маяна канча болгону тууралуу маалыматтар айтылды. Ал жерде өтө чоң кыскартуу жоктугу көрүнүп турат. Мурун 25 миң сом (оклад) алышары көрсөтүлсө, азыр 25 миң сом. Депутаттардын айлыгын кыскартууну ойлобой, тескерисинче башкалардын маянасын көтөрүү жөнүндө көп ойлонушубуз зарыл. Биздеги философия «коррупцияны ачабыз» деп башка маселелерге көңүл бурулбай калып жатат. Негизги максат экономиканы көтөрүү, жумуш орундарын түзүү эмеспи. Ал экинчи планда калып калды. Ошол сыяктуу эле популисттик кадам болуп калды. Жемкорлукка каршы күрөштө жазалоочу гана мүнөз үстөмдүк кылбаш керек. 25 миң сом айлык менен эл өкүлдөрү канчалык сапаттуу иш жүргүзө алат? Маселелерди комплекстүү карап, чечим кабыл алынса туура болмок. Бүгүнкү күндө жеңил нерселерге көбүрөөк ооп калдык. Айлык кыскарды десе баары колдоп, депутаттар жек көрүндү болуп калды. Жаңы баш мыйзамга ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары кыскарган. Аткаруу бийлиги менен өкмөттүн ишине кийлигишип, таасир эте албайт»,-деди ал.

Саясат талдоочу, мурдагы депутат Жолборс Жоробековдун айтымында, жаманбы -жакшыбы, депутаттарга кандайдыр бир шарттар каралыш керек.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков

«Өзүм дагы убагында депутат болгом. Көп мамлекеттердин эл өкүлдөрү менен алардын турмуш-жагдайлары өтө жакын тааныш. Азыркы саясий процесстерди изилдеп жүргөн адам катары айтаарым, биздин азыр коомдук пикирге депутаттардын айлык акысын азайтуу балким туура болоор. Бирок депутат деген эң жогорку категориядагы эл тарабынан шайланып келген кызматкер болгонуна байланыштуу татыктуу маяна болуш керек. Ошондой эле кол тийбестик өндүү өзгөчөлүктөр каралышы керек. Анткени элдин өкүлү өзүнүн оюн эркин айтып, финансы жактан көз каранды болбой жашоосу абзел. Жаңы шайланып келген депутаттарды, мурдагы «чимкириктерди» жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү аларга кандайдыр бир шарттар түзүлүшү керек»,-деди Жоробеков.

Экс-депутат Каныбек Осмонов мамлекет башчынын 2-декабрдагы жарлыгы бир гана Жогорку Кеңешке эмес, баардык бийлик органдарына тиешелүү экенин белгилеп, Министрлер кабинети менен Президенттин администрациясындагы керексиз чыгымдарды дагы кыскартуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев

«Президент Садыр Жапаровдун 2-декабрдагы жарлыгы бир гана Жогорку Кеңешке эмес, баардык бийлик органдарына тиешелүү. Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлык болду. Анын ичинен маанилүү бийлик бутагы катары Жогорку Кеңешке дагы тийиштүү. Мен мурдагы эл өкүлү катары айта турган болсом, көп чыгаша Жогорку Кеңеш менен байланыштуу. Бул жарлыктын мааниси айлык акыны 500-1000 сомго кыскартуу эмес, пандемия жана экономикалык көйгөйлөрдү эске алуу менен алыбызга жараша чыгаша кылалы деген багытты көздөгөнү абдан жакты. Ошол эле учурда Министрлер кабинетиндеги, Президенттин администрациясындагы керексиз чыгымдарды минимумга түшүрүүгө чакырат элем»,-деди Каныбек Осмоналиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Анын ичинен азыр төрага жана анын эки орун басары, майыптыгы бар эл өкүлү гана автоунаа менен камсыздалат. Калганы жеке унаасы менен иштөөгө макул болгон. Ал эми кызматтык турак жайлар Бишкекте жашай турган жери жок эл өкүлдөрүнүн баарына берилип келет.

Количество просмотров: 377