• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаровдун жакындарынын байлыгы жөнүндө иликтөө жарыяланды

28 Кулжа 2021 14:57 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун жакындарынын байлыгы жөнүндө иликтөө жарыяланды.

Temirov LIVE ютуб каналынын журналисттери Жапаровдун жакындарынын Мальтадагы оффшор компаниянын ээси менен байланышы бар деп баяндаган.

Учурда Жапаровдон иликтөө боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Ал 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалган.

Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси. «Кумтөр голд» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамдын авторлорунун бири.

Количество просмотров: 548