• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаровго ОшМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

18 Үчтүн айы 2023 18:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) барды.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысына университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.

Белгилесек, көп тармактуу клиникалык ооруканада 60 ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95%ы – ОшМУ бүтүрүүчүлөрү.

Министрлер Кабинетинин башчысы ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канагаттануу менен белгиледи.

«Ош мамлекеттик университети ишинен үлгү алчу алдыңкы окуу жайы болуп саналат. Келерки жылга карата илимий изилдөө жана стартаптарды колдоого алуу жаатында иштерди күчтөндүрүү зарыл», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын финалисттери саналган университеттин ар кыл факультеттеринин студенттери тарабынан даярдалган стартап долбоорлор тартууланды.

Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго ОшМУ Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Количество просмотров: 1092