• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Билим берүү министрлигине талапкерлер белгилүү болду

6 Аяк оона 2019 10:58 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна азыркы учурда эки негизги талапкер бар. Бул тууралуу «Govori.TV» агенттигине өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлик кызматка Ош МУнун азыркы ректору Каныбек Исаковдун жана жаш профессор Алмаз Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып жаткан.

Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылы 2-июнда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.
Билими:

09.1998 – 07.2001 — Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинен англис тили жана адабияты боюнча билим алган;

09.2001 – 04.2003 — Германия, Штутгарт, Ökumenisches Центрум, немец тили боюнча курста окуган;

04.2004 – 04.2007 — Германия, Людвигсбург, PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистрлик даража ыйгарылган (Дидактика жана англис тили);

09.2009 – 09.2011 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган. Педагогика илиминин кандидаты даражасы ыйгарылган;

11.2012 – 03.2017 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, докторантурада окуган.

Эмгек жолу:

11.2007 – 05.2010 — Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) президенти, башкармалыктын төрагасы.

09.2008 – 06.2010 — Эл аралык Ала-Тоо университети, эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу;

03.2012 – 01.2013 — Варшавадагы (Польша) Вистула университетинде (Vistula University in Warsaw, Poland) проректор, чет тилдер институтунун директору;

02.2013 – 06.2013 — Түндүк Айова университети (University of Northern Iowa) (Сидер Фоллс, Айова, АКШ) илимий изилдөө боюнча чакыртылган профессор;

06.2013 – 06.2014 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University) (Балтимор, Мериленд, АКШ) докторантура жогорку кызматы;

06.2014 – 06.2017 — Эл аралык Ала-Тоо университетинде илим жана сырткы байланыш боюнча проректор;

11.2016 – 09.2017 — Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University), (SAIS) (Вашингтон, АКШ) илимий изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессор;

11.2017 – 10.2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

10.2018 — Борбордук Азия регионалдык институтунун директору;

Илимий наамдары:

Педагогика илимдеринин кандидаты, Жонс Хопкинс университетинин профессору.

Басылмалары:

Илимий журналдарда жана китептерде 41 жергиликтүү жана 23 эл аралык макаласы жарык көргөн. 4 илимий басылманын автору.

Изилдөөлөрү:

Борбордук Азиянын эгемендүүлүгүнөн кийин билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр. Борбордук Азия жана Кыргызстандын тышкы саясатында Америка Кошмо Штатынын орду (тарых боюнча докторлук диссертация).

Лекциялар:

25 эл аралык жана 16 улуттук конференциялардын ишине катышкан.

Сыйлыктары:

2005 — Майне Франкфурт Эл аралык гезитинин сыйлыгы, ФРГ;

2014 — КР Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси;

2015 — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы;

2017 — Европа Илимдер Консорциумунун ордени «Laborte de Scienta».

Тил билүүсү:

Кыргыз, орус,турк, немис жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт

Эске салсак, 4-сентябрда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгон.

Количество просмотров: 4417