• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапония Өзбекстандын эки компаниясына санкция салды

18 Бештин айы 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

АКШ менен Европа Биримдигинен (ЕБ) кийин Жапония да Өзбекстандын эки компаниясына санкция салды.

Жапониянын Экономика министрлиги беш өлкөдөгү 80ден ашык компанияга каршы санкциялар топтомун киргизди.

Министрликтин сайтында жазылгандай, санкциялык тизмеге Орусиядагы 57, Беларустагы 27, Бириккен Араб Эмираттарындагы эки, Өзбекстандагы эки жана Сириядагы бир компания кирди.

Жапониянын экспорттук чектөөлөрү Өзбекстандын Alfa Beta Creative жана GFK Logistic Asia компанияларына тиешелүү. Алар буга чейин АКШ менен ЕБдин санкцияларына дуушар болгон.

Еврокомиссиянын сайтында жарыяланган баяндамада бул фирмалар Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн Батыштан товарларды сатып алууга аракет кылганы айтылат.

Alfa Beta Creative кеңсе жана башка жабдууларды сатса, GFK Logistic Asia транспорт кызматтарын көрсөтөт.

Теги:
Количество просмотров: 90