• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапыкеев өзү тууралуу чагымчыл маалыматтар тарап жатканын айтты

7 Бирдин айы 202616:42 Бишкек Govori.TV

Жоюлуп кеткен Каржы полициясынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев соцтармактарда өзү тууралуу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына мурдагы партиялашы менен мушташканы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.

“Урматтуу достор, интернет айдыңында мени провокация кылып, арзан ушак тараткандар көбөйдү. Мен үйдө тынч эле отурам. Эч кимге тийишкен жокмун, эч кимди сабаган эмесмин. Кечээ «милицияданбыз» деп формасы жок келишти. Экинчисинде эки формачан милиция кызматкери келди, аларга эшикти ачып сүйлөштүм. Мен азыр саясаты жок, тынч жатсам дагы жөн жаткырбай, жок жерден мага жалаа жапканды токтотпой коюшту”,-деп жазды Жапыкеев.

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери Жапыкеевге кандай себептер менен барганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 266