Кыргызстанда суук түшкөнү электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук диспетчердик кызматынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Абдимомунов Govori.TVга билдирди.
Мындай кырдаалда ири аварияларга жол бербөө үчүн энергетиктер жарыкты болушунча үнөмдөөгө чакырып жатышат.
Сууктун түшүшү менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарында электр энергиясынын тартыштыгы, өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар көбөйдү. Энергетиктер кыштан чыгуу үчүн энергетикалык ресурстар жетиштүү экенин, алдыда маал-маалы менен өчүрүү пландалбаганын, бирок үнөмдөө өтө зарыл болуп турганын эскертишүүдө.
Чыңгыз Абдимомуновдун айтымында электр энергиясын керектөө өтө өсүп кеткендиктен, жер-жерлерде авариялык кырдаалдар жаралып, жарык өчүп калган учурлар болуп жатканын билдирди.