• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жарылуучу затты үйүндө сактоого шектелген жаран кармалды

17 Жетинин айы 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Токмок шаарында жарылуучу затты үйүндө сактоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иш амалдарынын алкагында Токмок шаарынын 37 жаштагы Ш.Д. аттуу жашоочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, оролуп бекитилген белгисиз зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат жарылуучу зат экендиги аныкталган.

Шектүү Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча, сотко чейинки өнүрүш иштеринин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 51