Бүгүн, 22-августта Ош шаардык мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка “жарылуучу зат коюлган” деген маалыматтан улам эвакуация жүргөн.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, тиешелүү укук коргоо органдары имаратта текшерүү иштерин жүргүзүп, эч кандай зат табышкан эмес.
Жарылуучу зат тууралуу маалымат Ош шаардык мэриясынын кызматкерине электрондук почта аркылуу 12:30дар чамасында келген.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги «Манас» аэропортунда жардыруучу зат бар экени маалымдалган. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып, эч кандай күмөндүү зат табылган эмес.