• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жарым жылаңач кыздар сүмөлөк жасап жаткан видео боюнча тергөө башталды

23 Жалган куран 2021 15:43 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Үргөнч шаардык ички иштер башкармалыгы жарым жалаңач бир нече кыздын сүмөлөк жасап жатканы тартылган видео боюнча тергөө иштерин баштады.

Видео социалдык түйүндөргө 21-мартта жарыяланган.

Маалыматтарга караганда, видеодогу жарым жылаңач кыздар «Сахара» түнкү клубунун бийчилери. 22-мартта алардын баары жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылган.

Интернетке жарыяланган 25 секунддук видеодо сегиз аял сүмөлөк жасап жатканын, алардын бешөө ич кийимчен турганын көрүүгө болот.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, видео 20-мартта Үргөнч шаарындагы «Сахара» түнкү клубунда тартылган.

Тасма социалдык түйүнгө жарыялангандан кийин колдонуучулар бул көрүнүштү кескин сындап, айрымдары кыздарды жазалоо керектигин айтып чыгышкан. Алардын арасында кыздарды коргоп, «кандай кийинсе өздөрүнүн иши» дегендер да болгон.

22-мартта Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча тергөө иши башталганын кабарлады.

«Сүмөлөктү башка аялдар жасаган. Бийлердин ортосундагы тыныгууда кыздар сыртка чыгып, сүмөлөк жасалып жаткан жерде сүрөткө түшүшкөн. Көп өтпөй ал жерде тартылган видео интернетке чыгып кеткен», — деп билдирди мекеме өкүлү.

Анын айтымында, түнкү клубдун бийчилерине «Майда бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 базалык эсептик көрсөткүч 245 миң сумге же 23 АКШ долларына барабар) айып пул төлөп же 15 суткага административдик камакка алынышы мүмкүн.

Количество просмотров: 1263