• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жасалма эмдөө сертификаттарынан улам бир катар дарыгерлер иштен алынды

10 Бештин айы 202115:02 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди. Ага ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.

Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген. Мунун алдында айрым журналисттер вакцина тууралуу жасалма маалымдамалар берилип жатканын иликтеп чыккан.

Количество просмотров: 99